Соттук отурумдагы жоруктары, сөздөрү менен Текебаев кандай адам экендигин дагы бир жолу көрсөтүп койду – мамлекеттик айыптоочу

1854 кароо Аналитика 0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш ишинин каралышы жана анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик айыптоочу Белек Маматбаевге суроо узаттык.

- Жакында Бишкек шаардык сотунда коррупция фактысы боюнча айыпталышкан КР ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш иши каралып бүттү. Иштин жыйынтыгы менен кандай чечим кабыл алынды?

- Апелляциялык инстанция тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Бул биринчи инстанциядагы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирди дегенди түшүндүрөт. Өзүӊүздөргө маалым болгондой, соттун чечими менен Текебаев да, Чотонов да 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Экөөнүн теӊ мүлктөрү конфискацияланып, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлегенге укугу болбойт. Бирок, ошол эле учурда 2014-жылдын 27-январындагы «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» КР мыйзамына ылайык аларга белгиленген жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылган болчу.

- Бул кылмыш ишинин экинчи инстанцияда каралышына прокуратуранын апелляциялык сунушу себеп болгондугун билебиз. Ал сунушту киргизүүгө негиз бар беле?

- Туура, бул кылмыш иш боюнча прокуратура тарабынан апелляциялык сунуш киргизилгендиги ырас. Биринчи инстанциядагы сотто прокурорлор тарабынан Текебаевге карата 10 жыл эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөө суралган. Бирок ага 8 жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы, башкача айтканда жеӊил жаза чектелип, андан сырткары жогоруда айтылган амнистия актысы колдонулуп, анын жаза мөөнөтү кыскартылган. Ал эми Чотоновго карата болсо мамлекеттик айыптоочулар сураган 8 жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. Бирок ага дагы амнистия актысы колдонулуп, белгиленген жаза мөөнөтү үчтөн бир өлчөмгө кыскартылган. Бул жерде атайын белгилеп кетчү жагдай бар: эки соттолуучуга теӊ аталган амнистия актысы туура эмес колдонулган. Анткени, ушул эле мыйзамдын нормасына ылайык, бул мыйзам кызматтык кылмыштарга жайылтылбайт. Соттолуучулар болсо Кылмыш-Жаза кодексинде аныкталынган так ошол кызматтык кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылышкан болчу. Биринчи инстанциянын өкүмүндөгү ушул эки жагдай прокурордук чара көрүү актысын киргизүүгө негиз болгон.

- Бизде Бишкек шаарык сотунда соттолуучулар Текебаев менен Д.Чотонов жарыш сөзгө дагы, соттун чечимин жарыялоого дагы катышкан жок деген маалымат бар. Мындай көрүнүшкө мыйзамда жол берилеби деген өзөктүү суроо жаралып олтурат?

- Берген сурооңуз орундуу. 2017-жылдын 28-сентябрында кылмыш иштин материалдары изилденип аягына чыгып, соттолуучуларды сурак кылуу жана тараптардын жарыш сөзгө чыгуусу гана калган. Бирок, соттолуучу Ө.Текебаевдин жактоочулары соттук отурумду атайын үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөшүп, аларга алдын ала соттук жараяндын өткөрүлө турган күнү алдын ала айтылгандыгына карабастан, алар сотко келишкен эмес. Алардын бирөөсү (К.Хасанов) үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ал күнү соттук отурумга катыша албастыгын жана аны менен мурдатан бери Текебаевди жактап келе жаткан экинчи адвокат (Ч.Джакупбекова) соттук отурумда катышаарын билдирген. Ал эми Текебаевдин экинчи жактоочусу (Ч.Джакупбекова) болсо соттук отурум башталганда, ал процесске тиешеси жок адамдар аркылуу кызматтык сапарга чыгып кеттим деген билдирүүсүн берип жиберип, ал күнү дайындалган соттук отурумду үзгүлтүккө учураткан. Ошол эле күнү тараптарга, анын ичинде Текебаевдин эки жактоочусуна тең соттук отурум эртеси күнү, 29-сентябрга дайындалганды маалымдалган. Берилген билдирүүлөргө карабай, ал күнү дагы Текебаевдин эки жактоочусу тең белгисиз себептер менен сотко келбей, соттук отурумду үзгүлтүккө учураткан. Соттук коллегия тарабынан Текебаевдин жактоочуларынын бирине (Ч.Джакупбековага) мыйзам бузуучулук боюнча жай аныктама чыгарылып, тиешелүү чара көрүү үчүн ал соттук актыны Юстиция министрлигине жана Адвокаттар коллегиясына жиберүү тууралуу чечим кабыл алынган. Кийинки соттук отурум 2017-жылдын 2-октябрына дайындалган, ал күнү дагы Текебаевдин жактоочулары себепсиз түрдө келбей коюшкандыктан, соттук коллегия тарабынан соттолуучулардын катышуусунда Текебаевдин жактоочуларын алмаштыруу тууралуу маселе каралып, адвокаттар коллегиясы аркылуу Текебаев башка жактоочу менен камсыз кылынган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 45-беренесинин талаптарына ылайык, соттолуучунун жактоочусун ишке катыштыруу мүмкүн болбой калган учурда сот башка жактоочу дайындоого укуктуу. Ошондуктан, Текебаев башка жактоочу менен камсыз кылынып, аны сурак кылуу маселесине өтүү боюнча соттук коллегия тарабынан жарыя кылынган болчу. Бирок, Текебаев менен Чотонов экөө тең сурак берүүдөн жана жарыш сөзгө чыгуудан баш тартышып, сот залынан аларды чыгарууну талап кылып, соттук коллегияга орой мамле жасоо менен аларга атырылып, орунсуз сөздөрдү сүйлөп туруп алышкан. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 42-беренесинде соттолуучулардын көрсөтмө берүүгө же көрсөтмө берүүдөн баш тартууга укуктары бар экендиги так көрсөтүлгөн. Андыктан соттолуучулардын укуктарын камсыз кылуу максатында, алардын көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктары соттук протоколго түшүрүлүп, алар залдан чыгарылган жана тараптар жарыш сөзгө чыгып баштаган. Жогорудагы Кодекстин 271-беренесине ылайык, соттук отурумда төрагалык кылуучунун буйругуна баш ийбеген тарапты, анын ичинде сотолуучуларды, чара көрүү тартибинде сот залынан чыгарып сот отурумун улантууга жол берилет. Эң кызыгы, прокурордун жарыш сөзү учурунда, Текебаевдин сотко келбей жүргөн жактоочуларынын бири (Ч.Джакупбекова) сот залына кирип келип, Текебаевге сот тарабынан дайындалган жактоочуну этика ченемине сыйбаган сөздөр менен жемелеп, отурган ордунан сүрүп жиберип, анын орудуна отуруп, жарыш сөздү угууга катышкан. Процесстин жүрүшүндө, жарым саатка жарыяланган танапис учурунда, Текебаевдин мурдагы жактоочусу ага кирип жолугуп, Текебаев мени соттук отурумга катышпа деди деген жүйөө менен сот залынан чыгып кеткен. «Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү» мыйзам боюнча адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, кесиптик-этикалык нормаларын сактоого милдеттүү. Соттолуучу Текебаевдин аталган жактоочусунун жасаган иш-аракеттери бул мыйзамга ылайык келеби же келбейби, аны ар кимдин өз абийир таразасына коёлу. Ал күнү соттун чечимин окуу үчүн соттук коллегия залга киргенден кийин, залдын жанындагы камерада отурушкан соттолуучулар Текебаев менен Чотонов залга кирүүдон баш тартышкан. Бул боюнча тиешелүү кызмат адамдары тарабынан акт түзүлгөн. Соттун чечими окулгандан кийин соттолуучуларга чыгарылган чечим тууралуу кошумча билдирилген. Башкача айтканда, соттук отурум мыйзам чегинде жүргүзүлүп, соттолуучулардын укуктарынын сакталышы боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлдү деп айтсам жаңылышпаймын.

- Бул соттук процесстин жүрүшү интернет булактары аркылуу элге жеткирилип турду. Соттолуучу Текебаев тарабынан этика нормасына сыйбаган сөздөрдү айткан учурлары дагы кездешип жатты, ага эмне түрткү болду деп эсетейсиз?

- Соттолгон Текебаев өзү мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органы болгон Жогорку Кеңеште депутат, парламентти башкарып жүргөн адам. Мындай адам мыйзамды сыйлабаса, ал башкалардан мыйзамдын сакталышын кантип талап кыла алат деген суроо турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде «Кыргыз Республикасында бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей» - деп бадырайып даана жазылып турат. Ким мыйзамды бузса, ал жооп бериш керек. Мыйзам депутат же министрге өзүнчө, ал эми карапайым адамдарга карата өзүнчө колдонулбайт. Текебаевдин этика нормаларына сыйбаган ар кандай сөздөрү анын моралдык деңгээлин, кандай адам экендигин дагы бир жолу көрсөтүп койду деп эсептейм.

Пикир

Оставить комментарий