Сох-Зардалы ички чарбалык унаа жолуна таш аралаш шагыл кулады

339 кароо Аймак 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда Баткен облусунун, Баткен районуна караштуу Сох-Зардалы ички чарбалык унаа жолунун 32-33 чакырымынын аралыгында таш аралаш шагыл кулады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар келишкен.

Жеринде жолду тазалоо иш-чарасы жүргүзүлүп саат 15:00дө унаа жолу толук тазаланып ачылды.

Пикир

Оставить комментарий