Олимпиада оюндарынын кызыгы

1086 кароо Аналитика 0

Эзелкиден сырткары

Дүйнө жүзүндөгү 206 мамлекет Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин (ЭОК) мүчөсү болуп саналат. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жайнеро шаарында өткөн жайкы Олимпиадага 204 мамлекеттин атлеттери катышкан. Оюндар спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлүп, спортсмендер 306 медалдык комплект үчүн ат салышкан. Дүйнөлүк коомчулуктун негизги бөлүгү Оюндарда кайсы өлкөнүн курамасы көбүрөөк жеңишке жетишкенине кызыгып, кайсы өлкөлөр медалдык мелдеште алдыга чыкканын билгиси келет. Бразилиядагы Оюндардын жыйынтыгында 121 медаль менен АКШнын курамасы биринчи болуп чыккан. Алар 46 алтын, 37 күмүш жана 38 коло медаль жеңип алышкан. Экинчи орунду 67 медаль менен Улуу Британиянын курамасы ( 27 алтын, 23 күмүш жана 17 коло), үчүнчү орунду 70 медаль менен Кытай курамасы уткан (26 алтын, 18 күмүш жана 26 коло). Мында баса белгипеп кетчү жери – алтын медалдын саны көбүрөөк болсо, ал курама ошончолук Оюндардын рейтингинде өйдөрөөк турат. Ошо себептен Кытай британдык командадан кийин болуп калган.

Бул Оюндарда алгачкы жолу спортсмендердин допингдик банги заттарын колдонгондугун текшерүү учурунда бир топ белгилүү спортсмендер мелдештен четтетилген. Алардын арасында эң эле көп залака тарткан Россиянын курамасы болду. Орустардын оор атлетика боюнча курамасы, Болгария жана Азербайжан менен бирге, толугу менен Оюндардан четтетилген. Андан башка да бир топ спортсмендер мелдештен четтетилген. Бирок ошого карабастан орустардын курамасы командалык мелдеште төртүнчү орунга чыга алышкан. Алар баш-аягы болуп 55 медаль утуп, 19 алтын, 17 күмүш, 19 коло байгеге жетишкен. Күчтүү делип эсептелген Германиянын курамасы бешинчи орунда калган. Немецтер 42 медаль алып, алардын 17 алтын, 10 күмүш, 15 коло медаль болгон.

Салттуу болуп бараткан спорттук мелдештердин мааниси жыл өткөн сайын өсүп, анын таасири чоң саясатка да тийе баштаганы Рио-де-Жанейродо жакшы эле сезилген. Эгерде азыркы учурдагы чоң спорттогу болуп аткан окуяларга көз салынып, сарэсеп жасалса, чоң саясаттагы иштер дүйнөлүк спортту өзүнүн куралы катары колдонууга баратканы байкалат. Жайкы Олимпиаданын өтүшү 2014-жылкы дүйнөдөгү ири саясый кризистин уландысы катары болуп калганы азыр жакшы сезилүүдө. Анткени 2014-жылы дүйнөлүк саясатта Суук согуш аяктагандан кийинки эң катуу тирешүүгө алып келген кырдаал жаралды. Бир жагынан Сириядагы абал абдан татаал фазасына жетсе, экинчи жагынан батыш өлкөлөрү колдоого алган Украинадагы бийликтин алмашуусу, ага удаалаш Крым маселесинин чыгуусу, Украинанын чыгышындагы эки аймактын өз алдынча республика болуп жарыяланып, аларды Москванын колдоп чыгуусу болду. Ошондон кийин АКШ жана Батыш өлкөлөрү Россияны, Иранды, Сирия өкмөтүн, Түндүк Кореяны катуу кысымга алууга өтүп, түрлүү сакцияларды киргизди. Албетте бул кадамдар чоң спортко да өз таасирин катуу тийгизди. Абалга ого бетер катуу кесепетин тийгизип, Россиянын антидопинг кызматынын жетекчиси Григорий Родченковдун күтүүсүз жерден батышка 2016-жылы качышы жана ал жерде орус бийликтери 2014-жылкы Сочи Олимпиадалык оюндарында спортсмендерди атайын мамлекеттик программа алкагында тыйуу салынган медициналык препараттарды колдонууга уруксаат берди деп жарыя кылышы болду. Ошондон тарта дүйнөлүк антидопинг кызматы Россиялык атлеттерге өзгөчө көңүл буруп, текшерүүлөрдү күчөтө баштады. Териштирүү эки жыл уланып, Кореядагы кышкы Олимпиадалык оюндардын башталышына чейин токтогон жок. ЭОК антидопинг кызматынын докладына таянып, спорттук иштерге Россиянын бийликтери түздөн-түз кийлигишип, мыйзамсыз иштерге жол ачкан деген айыптын алкагында, орустардын курамасын Оюндардан толугу менен четтеткен чечим чыгарган.

Бирок банги заттарга тиешеси жок спортсмендер жапа чегип калбасын деп, тыкан тандоодон кийин 169 орус спортсменине улуттук эмес, Олимпиадалык желектин астында Оюндарга катышууга уруксаат берилди. Ошол эле мезгилде Оюндардан четтетилген 60 жакын орус спортсмендери Эл аралык спорттук сотко кайрылып, 38 спортсмени толугу менен акталып, 11 жарым-жартылай акталып чыккан. Бирок акталгандар Оюндарга катышууга ЭОКтон укук ала алышпады.

Кышкы Олимпиада ким үчүн?

Быйыл кышкы Олимпиадалык оюндар Түштүк Кореянын Пхенчхаң шаарында 9-февралда башталып, 25-фералга чейин уланат. ЭОКтун сыймыктанып расмий ирет жарыялаган маалыматына караганда, бул Оюндарга буга чейинки кышкы Олимпиадаларга салыштырмалуу эң эле көп мамлекеттин өкүлдөрү катышууга келген – алардын саны 92. Ошол эле мезгилде батыш басылмалары ЭОКтун мүчөсү болуп 206 мамлекет катталса, алардын жарымынан азы гана кышкы оюндарга катышуусу, ЭОКтун сыймыктана турган көрсөткүчү эместигин жазып чыгышты. Ал турсун, кышкы спорттук оюндардын бир тобу тоолу өлкөлөрдө популярдуу болгонуна карабастан, кээ бир кышы дээрлик жок өлкөлөрдүн спортсмендеринин саны кышы кадимкидей болгон өлкөлөрдүкүнөн 6-8 эсе көп болгону туура эместигин айтып чыккан учурлар болду. Мисалы тоолу Чилинин Кореядагы оюндарга катышууга укук алган спортсмендеринин саны Улуу Британиялык спортчулардын санынан 8 эсе аз болуп чыккан. Мындай көрүнүштөр менен бирге, дүйнөлүк чоң спортто жалпы абал ири кризиске, эң биринчи иретте ЭОКнин иши жаңыланууга муктаж экендигин көрсөтүп чыкты. ЭОКтун президенти Томас Бах учурда Россиялык курамага карата жүргүзгөн аракеттерине байланыштуу эки тараптын катуу сынына кабылды. Бир жагынан Россиянын курамасын толугу менен Оюндан четтетип, тандалма гана спортчуларды Оюндарга чакырганы, бирок таза спортсмендер катышпай калгандыгы үчүн сындалса, экинчи жагынан “мамлекеттик деңгеелде банги заттарды спортто колдоого алган Россия толугу менен Олимпиадалык оюндардан четтелиши керек болчу, ал эми ЭОК болсо андай чечкиндүү кадамды Томас Бахтын айынан жасай албай калды” деп сындагандар түзүүдө. Эки ортодо калган ЭОК болсо кылганына да, кылбаганына да ыраазы болбой, эки ортодо калды. Спорт коомчулугу ири спорт уюмдарынын учурдагы абалы менен кылган иштерине терс баа берип, олимпиадалык духту кайрадан жандандыруу зарылдыгын айтып чыкты. Кее бир топтор Олимпиада комитетин реформалоо зарылдыгын айтса, дагы бир тобу Томас Бахты алмаштыруу керектигин айтып чыкты.

Формалдуу жактан алганда, Пхенчхаңда кышкы спорт түрлөрүнүн жетөөсү боюнча гана мелдештер өткөрүлөт. Бирок алардын ички түрлөргө бөлүнүүсүнүн айынан, баш-аягы болуп спорттун 15 түрүндө сынаш өтөт. Мисалга лыжа боюнча мелдеште сноуборд менен лыжа жарыштары спорттун ар-кыл түрлөрү болуп саналат. Буга кошумча муз тебүү (коньки) боюнча мелдештер да өз ара бири-бирине окшобогон түрлөргө бөлүнүп кетет. Шорт-трек – кыска аралыкка музда жарышуу менен ошол эле музда фигуралык тебүү – спорттун ар-башка түрлөрү болуп саналат.

Пхенчхаңда спортчулар 102 медаль комплектиси үчүн ат салышат. Музда жарышуу боюнча мелдеште 14 комплект ойнолот, 12 комплект лыжа менен жарышууда, 11 комплект – биатлондо. Акыркы 20 жыл ичинде кышкы спорттук оюндардын саны 86 комплектиден 102 чейин өстү. Кее бир тактыкты жактырган журналисттер мындан башка көрүнүштү да байкам, эсептеп чыкканга үлгүрүптүр – 92 өлкөдөн келген 3 миңдей спортсмендин 80 пайызын болгону 20 гана өлкөдөн чыккандар түзөт. “Санап көрсөң ар-бир төртүнчү атлет Оюндарга же АКШдан, же Канададан, же Россиядан, же Швейцариядан келгендер түзөт экен” деп жазып чыкты Европалык басылмалар.

Жогорку спортто айланган акча жана ага альтернатива

Кее бир батыш басылмалар, өзгөчө Германиялык, Олимпиадалык кыймылга карата пайда болгон ишенбөөчүлүк мындан ары өсө турган болсо, анын келечеги эмнеге келип такалат деген суроону көтөрүп чыкты. Буга чейин ЭОК Олимпиадалык оюндарды медиа аркылуу көрөсөтүү үчүн түрлүү компаниялардан чоң каражат алуучу. Буга кошумча ЭОКтун спонсорлордон түшкөн каражаты 2-3 млрд. долларга чейин жетчү. Азыркы абал дагы кызый бере турган болсо, анда Олимпиадага кызыккандардын саны азайышы ыктымал. Ошого жараша оюндардан түшө турган каражат да азаят. Олимпиаданын урааны болгон таза, чынчыл, акыйкат деген түшүнүктөр азыр баалуулугу менен маанисин жоготуп, алдынкы орунга атак-даңк менен каражатты колдон келген ыкма аркылуу табууга жан үрөгөндөр жыл өткөн сайын көбөйүп баратканы талашсыз. Акыркы 4-5 Олимпиадалык оюндарда ийгиликке жетишкен спортсмендер кийинчереек чоң чатак менен сыйклыктарынан ажырганы белгилүү. Алар күчтүү делген спортчулардын арасынан чыгып жатышат. Жайкы да, кышкы да Оюндардын жеңүүчүлөрү таза эмес жолдор менен, допинг препараттарын колдонуп, ийгиликке жетишкендер спортчулар тууралуу так маалыматтар акыркы жылдары ачыкка көбүрөөк чыгууда. Андайлар чыккан өлкөлөрдүн катарында АКШ, Франция, Улуу Британия жана башка өлкөлөр да бар. Андыктан банги заттарды колдоно тургандар жыл сайын көбөйүп баратканы даана байкалат.

Ал эми ЭОК болсо бул маселени терең кароого албай, алдын ала турган кадамдары жасоодо кашаңдык кылып жатканы, алар таап аткан каражаттын көөлөмү менен тыгыз байланышканы байкалат. Кее бир эл аралык спорт уюмдары Олимпиада эмес, дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүүдө акча-каражат табууга жол ачып жатканы тууралуу сөздөр көбөйдү. Мисалв 2018-жылкы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатты Россия чоң тандоодон өтүп, утуп алганы коррупциялык жол менен жетишилген ийгилик дегендер жок эмес. Аны менен кошо 2022-жылкы ошол эле футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатты кенедей Катар Мамлекети өткөрүүгө укук алганы да чоң суроону жаратып, ФИФАнын териштирүүсүнө кабылган. Ал эми Олимпиадалык оюндар мындай чемпионаттардан кем калбаган спорттук иш-чара болгондуктан, мында да чоң каражат аралашуусу талашсыз.

ЭОК учурдагы оюндарда жаңы талап киргизип, спортчуларга Оюндардын учурунда жарнак иштерге аралашууга тыйуу салганы да талашты жаратты. Анткени тыйуу салынган жарнактык материалдар үчүн төлөнө турган каражат ЭОКке кетип, ал өз кезегинде эч бир спортчуга эч нерсе төлөбөй, спортсмендер акча-каражаттан кур- жалак калууда. Мындай кадамды Германиялык маалымат каражаттары жарнактык монополия деп баалап, сынга алууда. Ал турсун кее бир сот органдары ЭОКтун бул чечимин иликтөөгө алып, мыйзамдуулугун текшерүүгө алды жана мындай регламентти өзгөртүүнү талап кыла баштады. Алардын өкүлдөрү ЭОК абалдан чыгуу үчүн эки мүмкүнчүлүккө ээ – же спортсмендер жарнак кампаниясына катышкандыгы үчүн ЭОКтон көбүрөөк каражат алышы керек, же спортсмендердин жеке укуктарын Оюнду уюштуруучулар колдонгону үчүн алардан каржылык компенсация алуу укугуна ээ болушу керек деп чыгышты. Ушуга чейин Олимпиадага катышууга укук алган спортсмендер Оюндардын башталышына 9 күн калганча, Оюндардын жүрүшү маалда, ал бүткөндөн кийин дагы 3 күн жарнактарды өз атынан чыгаруу укугунан ажыратылып, жарнактык иш менен алектенүүгө тыйуу салынган. Мындай талап “акылга сыйбас” чечим дегендер да аз эмес, анткени бир топ спортсмендер дал ошол Олимпиада болгону үчүн гана жарнактан каражат таба алышат.

Буга жооп катары ЭОК өзү тапкан каражаттын 90% көптөгөн спорттук уюмдарга таратылаарын жүйө катары айтып келишкен. Анын натыйжасында улуттук спорттук уюмдар менен кошо спортсмендер утушка ээ болуп келишкен. Анын үстүнө ЭОК олимпиадалык программага кирүү үчүн спорттун тиги же бул түрү дүйнөлүк популярдуулукка ээ болушу керек деген талапты коюп келген. Сынчылар дал ушу жерде Олимпиада-2018ге кирген бир топ спорттук түрлөр, болгону бир ууч гана өлкөдө тараганын жүйө кылып көрсөтүшүүдө. Мындан алар Олимпиада – бул бай өлкөлөрдүн ортосундагы мелдешке айланганын, ал эми кышкы оюндарда тоолуу жана кары бар мамлекеттер үчүн кыйынга турган мелдеш болуп баратканын айтып чыгышты. Чынында эле өнүккөн өлкөлөр ортосундагы спорттук мелдеш менен өнүгүүсү күчөгөн сайын, жупуну өлкөлөрдө андай спорт түрлөрүнүн өнүктүрүү кыйындап баратат.

Дал ушундай маалда салттуу делген спорт оюндарынын эл аралык мелдештерине альтернатива түзө ала тургандай, ага катышууга өзгөчө бир шарт түзүүнүн зарылдыгы жок, илгертен бери элге таанымал, бирок популярдуу спорттук мелдештерди өткөрүү зарылдыгы актуалдуу болуп баратат. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстан сунуш кылып, эки жолу эл аралык деңгеелде өткөрүүгө жетишкен Көчмөндөр оюндары Олимпиадалык оюндарга кайсы бир деңгеелде альтернатива болууга алы жетиштүү. Быйыл Ысык-Көлдө күзүндө боло турган бул оюндарда спорттун 37 түрү боюнча мелдеш өтөт. Ага азыртадан эле дүйнөнүн 60 ашык өлкөсү кызыгып жатканы маалым. Бул Олимпиадалык оюндарга тең-ата болгудай атаандаштыкты түзүүгө, ага толук кандуу альтернатива боло албаса да, элдердин ортосундагы алаканы туура багытта өнүктүрүүдөгү жаңы багыт болчудай потенциалы бар көрүнүш.

Кубан Абдымен

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий