“Кабар” МАБ: Жээнбековдун биринчи чет элдик сапары анын тышкы саясатындагы геосаясий ийгилигине айланат

1013 кароо Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий иш сапары менен Түркияга барды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кенен чөйрөдө, премьер-министри Бинали Йылдырым жана Улуу Улуттук жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту.

Президенттердин тар жана кенен чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкө ортосунданы товар алмашууну жылына 1 млрд долларга чейин жогорулатуунун келечегин баса белгилешти. Ошондой эле Кыргызстанга инвестицияларды өстүрүү жана айыл чарба, тоо кен иштетүү тармагында кызматташууларды тереңдетүү маселелери талкууланды.

Түркиянын башчысынын айтымында, макулдашууларга кол коюу эки мамлекеттин ортосундагы бардык тармактардагы кызматташууларын тереңдетүүгө шарт түзөт. Өз кезегинде Жээнбеков Кыргызстандын алакаларды бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Кыргызстандын Түркияга чет элдик биринчи сапарынын мааниси жана анын оң жактары тууралуу “Кабар” агенттигине эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин төрагасы Эдил Осмонбетов айтып берди.

Саясат таануучунун айтымында, Кыргызстандын президентинин Түркияга алгачкы расмий сапары кыргыз-түрк мамилелерине жаңы дем берет. Осмонбетовдун айтымында, себеби буга чейинки жылдары мурдагы президенттер мындай сапарларды президенттигинин акыркы жылдары гана жасашкан.

“Ал эми азыркы президент алгачкы чет элдик сапарына президенттигинин төртүнчү айында чыгып жатат жана бул өлкө үчүн жакшы дем берет. Эгерде ушул ыргак менен кетсе, бул Жээнбековдун тышкы саясатындагы биринчи геосаясий ийгилиги болот”, - дейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт.

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин төрагасы Жээнбековдун Түркияга сапары 2015-жылдан тарта “солгундаган же анча жакшы эмес жагдайда турган” кыргыз-түрк мамилелерин кайра жандандырганын белгилейт.

Ал ошондой эле маалымат жыйында сүйлөгөн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк тарап алакалардын жаңы деңгээлге чыгуусун каалай турганын айтканын белгиледи. “Ал жада калса, эки жактуу мамилелерге баа берип: Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө экенин, эки өлкөнүн тарыхый жана маданий тамырлары бардыгын белгиледи. Менимче, мунун оң жактары бар жана Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен биз кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы деңгээлине чыга алабыз”,- дейт Осмонбетов.

Саясат таануучу бул айрыкча экономикалык өнүгүүгө тиешелүү экенин, анткени анда “2018-жылы азыркы абалды эске алуу менен өлкөлөр ортосундагы товар айлантууну 1 млрд долларга жеткирүү керектиги” так белгиленгенин кошумчалады. Осмонбетов биргелешкен ири кыргыз-түрк долбоорлоруна катышуу тууралуу айтып өттү. Саясат таануучунун байкоолору боюнча Кыргызстанда өтө аз же таптакыр жок. Ошондуктан ал бизге биргелешкен ири долбоорлор жана билим берүү, маданият, социалдык-экономикалык, аскердик-техникалык тармактарда кызматташуу зарыл деп эсептейт. “Дал ушул тууралуу жолугушууда айтылды”, - деп белгиледи Осмонбетов.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперттин айтымында, Түркия Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөтүүдө өзүнүн ролун ойной алары кызык болуп саналат. Анткени ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн геосаясий субъективдүүлүгүн күчтөндүрө алат. “Түркия аймакта күчтүү оюнчу катары чоң армияга ээ, ошондой эле ал НАТОнун мүчөсү, бир жагынан алганда Кавказ жана Жакынкы Чыгышта чоң роль ойнойт. Эгерде Борбор Азия улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен жалпы жана өз ара пайдалуу күн тартибин табышса, анда, албетте, бул БА, Кавказ жана жада калса кандайдыр бир деңгээлде Жакынкы Чыгыштын коопсуздугуна таасирин тийгизмек”, - дейт ал.

Бактыга жараша, Осмонбетов белгилегендей, бул маселелердин баары көтөрүлүп, мааниге ээ болот.

Саясат таануучу ошондой эле Түркия быйылкы жылдын күзүндө Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн Саммитин өткөрүүнү сунуштаганына токтолду. Бул дагы позитивдүү дем болуп саналат. “Тактап айтканда, түрк тарап Кыргызстандын аймагында түрк дүйнөсүн бириктирген демилге аянтчасын түзүүнү сунуштап жатат”, - деп эсептейт ал.

Бир жагынан бул демилге түрк дүйнөсүнүн жандануусу, саясат таануучунун пикиринде экинчи жагынан мындай демилгелер “бир тарабы Борбор Азия, экинчи тарабынан Кавказ, айрыкча Азербайжан, Грузия жана Түркия бар Түштүк Кавказ болгон чоң аймактын геосаясий биригиши” үчүн себеп болот. Саясат таануучу дагы бир ирет белгилегендей, мунун баарын өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашыруу керек.

“Албетте, мунун баары бизге өлкөбүздүн экономикасын, транзиттик жолдорду диверсификациялаш керектигин эске алуу менен зор үмүт берет. Ошондо Борбор Азия жана Кыргызстан экономикалык жактан дагы, саясий дагы туруктуулукка ээ болот”, - деп белгилейт Осмонбетов.

Аймактын өлкөлөрүнүн жана Түркиянын кызматташуу келечегине кайрылсак, саясат таануучу Түркия терроризм жана экстремизм менен күрөштө чоң жардам көрсөтө аларын белгилейт. “Бул биз үчүн абдан олуттуу тема. Жана албетте, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу эстен чыгарбоо керек”, - деп эскертти ал.

Жыйынтыгында эл аралык мамилелер боюнча эксперт мамлекет башчынын тышкы саясатындагы бир өзгөчөлүккө токтолду. Ал “кандайдыр бир деңгээлде биз көп векторлукка кайтып келгенибизде”. Буга КР президенти Түркияга, андан соң ЕСке барганы себеп, бул өлкө үчүн пайдалуу жана Сооронбай Жээнбековдун саясаты абдан таразаланганын айтып турат. “Эгерде бизде баары жакшы болсо, анда Кыргызстан таптакыр жаңы деңгээлге чыгат. Аны менен бирге геосаясий оюнчу катары мамлекеттин ролу арта баштайт”, -деп жыйынтыктады ал.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий